Теке 27, 2024
Убакыт: 12:42
USD
EUR
RUB

ИИМ: Массалык баш аламандыктарга чакырыктарды жасоого шектелген жаран кармалды

08.12.2023 23:44
277
ИИМ: Массалык баш аламандыктарга чакырыктарды жасоого шектелген жаран кармалды


2023-жылдын 7-декабрь күнү, социалдык тармактарда “B***KG” баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган баракчанын ээси, эч жерде иштебеген – А. Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, Ж.А.нын жашаган дарегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, Dell, MacBook, Leonovo жана башка үлгүсүндөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай  техникалык каражаттар жана банк карталары табылып алынган.


Белгилеп кетсе, шектүү жаран А.Ж. жашаган даректен, анын жакын 2 адамы техникалык каражаттардын басымдуу бөлүгүн алып, автоунаа менен качуу аракетин жасоо маалында милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, жогорудагы буюмдар алынган.  


Ошондой эле, шектүүнүн дагы бир жакын адамы, 1977-жылы туулган С.Н. аттуу жаран, 9 даана ноутбукту аталган даректен жашыруун алып бара жаткан учурунда токтотулуп, андан соң өз ыктыяры менен буюмдарды тапшырууга аргасыз болгон. 


Тинтүү иш-чараларынын жыйнтыгында, алынган техникалык каражаттар, бул:

- 4 уюлдук телефон;

- Sony үлгүсүндөгү 1 фотоаппарат;

- 16 Leonovo, Dell жана башка үлгүсүндөгү ноутбуктар;

- 15 MacBook үлгүсүндөгү нотбуктар;

- 3 флеш-карта;

-  1 Apple үлгүсүндөгү моноблок (компьютер);

-  13 адаптер; 

- 3 планшет; 

- сырткы маалыматтарды сактоо дисктер.


Жалпысынан, шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттарынын орточо баасы 3 000 000 сомдон ашык сумманы түздү. Жогоруда айтылган фактылар боюнча, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талтарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктарга)  менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүп жатат жана кошумча аныкталган ыкчам маалыматтар укуктук баа берүү үчүн толук кандуу текшерүлүүдө.


Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган А.Ж эки айга СИЗОго камакка алынды. Азыркы учурда, шектүү А. Ж.  көптөгөн техникалык каражаттарды кандай максатта топтогон, ишмердүүлүгү кимдер тарабынан каржыланган жана ал менен биргеликте баш аламандыкты уюштурууга аракет кылган байланыштары такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн