Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Обсервация жайларын милиция кызматкерлери кайтарып жатат

06.04.2020 12:59
797
Обсервация жайларын милиция кызматкерлери кайтарып жатат

 

Өлкө аймагындагы обсервациялык борборлор толугу менен ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып турат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Алар Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарындагы обсервация борборлорунда иштеп жатат.


Мына ушул обсервацияларды толугу менен көзөмөлгө алуу, ал жерде коомдук тартипти сактоо ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн. Алар санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди толук сактоо менен коргонуучу атайын кийимдер жана коргонуучу санитардык каражаттар менен жабдылган. Коопсуздук маселеси жарала турган болсо, ыкчам чечим кабыл алып, дарыгерлерге жардам көрсөтөт, бирок ички дарылоо процесстерине кийлигишпейт. Обсервациянын ички процесстери толугу менен медицина кызматкерлери тарабынан тейленет жана көзөмөлгө алынат”, - дейт Министрлик.


Кечээ, 5-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде жалпы республика боюнча обсервацияда 1454 адам жаткандыгын билдирген.


Тема боюнча: "Ак-Кемеде" обсервацияда жаткан жарандар терезеден секирип жатышат







Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн