Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ИИМ: Ош шаарында мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды

08.02.2024 22:00
456
ИИМ: Ош шаарында мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды


Ош шаарында мугалим баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга "Ш" аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, маалыматты текшерүү учурунда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген "Ш" аттуу аял көптөн бери баңгизатын таратып жүргөндүгү аныкталган.

Ош шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 1 кг ашык "гашиш" баңгизатын сатууга аракет кылган 1993-жылы туулган Р.Ш. аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаранга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылыйык кылмыш иши козголуп, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн