Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

ИИМ: Ошто жасалма документтер менен үйлөрдү сатып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектелгендер кармалды

19.12.2023 10:19
629
ИИМ: Ошто жасалма документтер менен үйлөрдү сатып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектелгендер кармалды


Ошто жасалма документтер менен үйлөрдү сатып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка лыайык, үстүбүздөгү жылдын май айында Ош шаарынын тургуну 1986-ж.т. И.А. арыз менен милицияга кайрылган. Анда,  О.А. жана бир тууган сиңдиси О.Ж экөө Кара-Суу районунда 600 чарчы метр болгон жер тилкесинде, жашоо аянты 90,95 чарчы метр болгон үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ жасашып, алуу-сатуу келишимин түзүү менен өткөрүп берип, жалпы суммасы 21 189 000 сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алып, изин жашырып кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Ошондой эле Ош шаарынын 1965-ж.т. М.Б аттуу жаран дагы ушундай эле арыз менен кайрылып, О.А. жана бир тууган синдиси О.Ж экөө  Кара-Суу районунда үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ менен сатышканын жана өзгөчө ири өлчөмдө тактап айтканда, 11 300 000 сомдук  материалдык зыян келтирилгендигин билдирген.


Аталган фактылар Ош облусунун Кара-Суу РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр 1980 жылы туулган О.А. жана 1981 жылы туулган О.Ж. тергөөгө келүүдөн баш тартып жүргөн жеринен, Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматына камсыз кылынып, шектүү катары н убактылуу кармоочу жайына камалды.


Учурда жогоруда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары маалым болуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн