Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ИИМ: Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды

05.07.2023 12:15
308
ИИМ: Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды


Республика аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты аныкталды, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги ЖККУга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мөөнөткө мыйзамсыз миграцияга каршы жамааттык тутумун
өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Алсак, ушул жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал-Трафик” аталышында ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

Бул иш-чара мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузууга байланышкан фактыларды аныктоого багытталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын миграция мыйзамын бузган жалпысынан 425 факты аныкталган.

Анын ичинен:

- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты аныкталган;

- Кыргыз Республикасына аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө
ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты аныкталган;

- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты аныкталган;

- Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 аныкталган.

Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 2.546000 сомдон ашык түзгөн айып пул салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн