Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо
органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
"Республика боюнча 2020-жылдын 10-ноябрына карата Кылмыштардын жана
жоруктардын бирдиктүү реестрине 203 кылмыш, 119 жоруктар каттоого
алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү
ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан
кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.
Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка
каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө" - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн