Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ: Россиядагы кыргызстандык курсанттарды алып келүү маселеси чечилди

21.07.2020 11:02
1049
ИИМ: Россиядагы кыргызстандык курсанттарды алып келүү маселеси чечилди

 

Ички иштер министрлиги тарабынан Россия ИИМнин тутумундагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан курсанттарды алып келүү маселеси ишке ашырылды.


Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу мамлекеттик чек аралардын жабылышы жана авиакаттамдарга чектөөлөрдүн киргизилиши менен Россиянын Ички иштер министрлигинин тутумундагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандын курсанттары азыркы учурга чейин өз алдында учуп келүүгө мүмкүн болгон эмес.


Ушул жылдын июль айында аталган маселе ИИМдин жетекчилиги жана Республикалык штаб менен биргеликте чечилип, «Авиа-траффик компани» авиакомпаниясынын жардамы менен курсанттардын учуп келишине шарт түзүлгөн. Ушуга байланыштуу Россиянын аймактарында окуган курсанттар чогуу учуулары үчүн Москвага топтолушкан.


18-июль күнү ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн аракети менен  «Домодедово» аэропортунан «Москва-Бишкек» каттамы боюнча 95 угуучу, анын ичинен 91 курсант, 4 адьюктант учуп келишти.


Жогорку билим алуу жана аттестациядан өтүү программасы боюнча угуучуларды мындан ары даярдоо дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылмакчы.


ИИМ басма сөз кызматы аталган рейс Республикалык штабдын макулдугу менен ишке ашырылгандыгын жана КРнын Россиядагы элчилигинин алдындагы комиссиясы тарабынан түзүлгөн тизмеге эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн