Теке 03, 2024
Убакыт: 15:56
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

ИИМ: Саймаити иш козголгонго чейин өлкөдөн чыгып кеткен

31.01.2020 15:10
779
ИИМ: Саймаити иш козголгонго чейин өлкөдөн чыгып кеткен


“Азаттык” радиосунун “Кыргызстандан чыгарылган миллиондор” аттуу иликтөөсүндө келтирилген фактыларды текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны 31-январда өттү. Анда 2011-2017-жылдары Айеркен Саймаитинин жубайы жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарылып кеткенин Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев ырастап, мындай деди:  “Бул документтин бардыгы 2019-жылы июнь айында такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп бергенбиз. 2019-жылдын август айында салык текшерүүнү жыйынтыгында Айеркен Саймаитиге 2 млрд. сом, жубайына 135 млн. сом, «Абдыразга» 3 млрд. сом кошумча пайда салыгы эсептелген. Жалпысынан 6 млрд. сомго чукул болот. Бул маалыматтар далилденгенден кийин Айеркен Саймаитини кылмышка шектүү катары ички жана эл аралык издөө жарыялаганбыз”.

 

Ушул эле жыйында Айеркен Саймаитинин өлтүрүүгө Сириялык жаран тапшырма бергендигин УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын милдетин  аткаруучу Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында тапшырма бергендердин террористтик иштерге тиешеси болгон. “Биз Түркия тарабы менен өз ара жардам принцибинде иштешебиз. Биз аларга кайрылганбыз. Алдын ала маалыматтарга караганда өлтүрүүгө тапшырма берген жаран Сириялык, аны аткарган Өзбекстандык болгон.

ИИМдин өкүлүнүн айтымында Али Жиган аттуу адам Айеркен Саймаити андан 3 млн. доллар алып кайрып бербей жаткандыгы боюнча кайрылган. Саймаити болсо иш козголгонго чейин өлкөдөн чыгып кеткен.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн