Теке 27, 2024
Убакыт: 08:55
USD
EUR
RUB

ИИМ: Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

24.05.2024 10:14
646
ИИМ: Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды


Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, бүгүн, 24-майга караган түнү Айтматов районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 адамдын сөөгү табылган.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, өлтүрүлгөндөр бир үй-бүлө – 26 жаштагы аял жана анын эки жана төрт жаштагы балдары экенин аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгондордун денесинен көптөгөн жаракаттар табылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү аныкталган. Ал мурда адам өлтүрүүгө аракеттенгени үчүн сот жообуна тартылган, Ак-Башат айылынын жашоочусу 1976-жылы туулган К.Н. болуп чыккан.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө өзгөчө оор кылмышка шектүүнүн тоолордун арасына жашырганы аныкталган.

Кармоо учурунда кылмышка шектүү 1976-жылы туулган К.Н. жок кылынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн