Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 08:03
USD
85.35
85.85
EUR
92.40
93.40
RUB
0.870
0.910

ИИМ Таластагы үрөй учурган окуянын чоо-жайын маалымдады

ИИМ Таластагы үрөй учурган окуянын чоо-жайын маалымдады


ИИМ Таластын Ак-Башат айылындагы үрөй учурган окуянын чоо-жайын маалымадады.


Кылмыш 23-май түнү жасалган. Милицияга кабар саат 00:37де түшүп, жерине барган ыкчам топ 26 жаштагы келиндин, төрт жаштагы кызынын жана 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн тапкан. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, кийин кармоо учурунда өлтүрүлгөн.


ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү К.Н. — келиндин кайнагасы, ал К.М. аттуу инисинен мурдатан өч алууну эңсеп жүргөн.


"Бир кезде бир туугандар К.Н. менен К.М. мүлк талашып чырдашкан. Натыйжада 2018-жылы К.Н. өз инисин бычактап өлтүрүүгө аракет кылган. Ал Кара-Буура (азыркы Айтматов) райондук сотунун чечими менен "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2023-жылдын мартында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.


Шектүү 23-май күнү эски таарынычын эстеп саат 23:00дөр чамасында инисинин үйүнө барган. Бул учурда бир тууганы талаа иштери менен алек болуп жүргөн. Анын үйүндө жок экенинен пайдаланып аялын жана балдарын өлтүрүп, тоо тарапка качып кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн