Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМ: Тартип бузгандар айыптарды өз убагында төлөбөй жатат (фото)

21.04.2020 10:36
1627
ИИМ: Тартип бузгандар айыптарды өз убагында төлөбөй жатат (фото)

Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө, алдын алуу максатында өзгөчө абал тартиби киргизилген Бишкек шаарынын аймагында санитардык-карантиндик блокпосттордо жана ички филтрациондук посттордо күнү-түнү кызмат өтөп жатышат.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө абал тартиби киргизилгенден бери милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочуларга, унааны спирт ичимдигин ичип алып башкарган, тиешелүү документтери жок башкарган, алдыңкы жана маңдайкы терезелерин караңгылатып алып башкарган үчүн бузуулар тууралуу протоколдор түзүү уланууда.


Ошондой эле, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери 102 ыкчам чара көрүү борборуна келип түшкөн кайрылуулар тейлөө иштерин улантып, коомдук коопсуздукту сактабаган, өзгөчө абал тартибин бузган жарандарды аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирүү жүргүзүлүүдө.


Бузуулар тууралуу айыптар жокко чыгарылган жок. Жарандарыбыздын жол кыймылынын эрежелеринин бузгандыктары тууралуу токтомдор өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал тартиби киргенге чейин эле унаа ээлерине жеткирилгендиги жана мыйзамга ылайык аларды төлөш керек экендигин белгилейбиз. Айыптардын бардыгы өз убагында төлөшкөн жок. Айыптары көбөйүп кеткен автоунаалар менен азыр да шаарды аралап жүргөндөр жок эмес”, - деп билдирет ИИМ. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тилекбай
Бул жугуштуу ооруу чыга электе эле төлөй албай жүргөн жарандар азыр ушул тапта кантип төлөшөт, элди төбөсүнөн баспоону аткаруу бийлигинен суранам