Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:19
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

ИИМ: Тажикстандан аткезчилик менен спирт алып өтүүгө бөгөт коюлду

21.12.2023 15:59
276
ИИМ: Тажикстандан аткезчилик менен спирт алып өтүүгө бөгөт коюлду


ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына спиртти мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду. Блу тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүгүнүн “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” жана 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” менен кылмыш иши козголгон.

"Кылмышка шектүү катары беш жаран кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн алынып келинген. Алар, 1978-жылы туулган М.Т.,  К.С. жана Р.А., 1991-жылы туулган М.А.. Алардын баары Чүй облусунун тургундары болушат. Мындан аркы ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну 1997-жылы туулган Х.М. экени тастыкталып, кармалды", - деп айтылт маалыматта.

Шектүүлөр жасалма спирт ичимдиктерин жасоо менен алектенген сактоочу жайды ижарага алышкандыгы дагы аныкталган. Алардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда аткезчилик жол менен даярдалган 1783 даана беш литрлик бөтөлкөдөгү спирт (8 тонна 895 литр),  арак жасоочу 2 станок, ичинде жасалма арак куюлган 100 граммдык стакандар салынган 50 куту, жана 2 миң акциздик маркалар жана дары-дармектер табылган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Соттун чечими менен шектүү адамдар Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын кармоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн