Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ИИМ: Уурулук менен алектенген топ кармалды

ИИМ: Уурулук менен алектенген топ кармалды

Жалал-Абад ОИИБдин криминалдык милициясы келип түшкөн арыздын негизинде уулукка шектелген төрт жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдады.


2020-жылдын 12-ноябрынан 13-ноябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер Сузак районунун айылдарынын бириндеги дүкөндүн арткы эшигин сындырып киришип, кассадагы 300 000 сом акчасын, 100 000 сомдук товарын жана сыртта турган “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен документтери менен кошо 10 000 сом акчасын уурдап кетишкендигин үй ээси милицияга билдирип, белгисиз кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучу жалпы 410 000 сомдук материалдык зыян тарткандыгын билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул окуянын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ош облусунун 4 тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган. Алар: 1997-ж.т. Г.А., П.М., К.У. жана 1999-ж.т. А.Э. болгон. 

Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаардык соту тарабынан Ош шаарынын тургуну 1999-ж.т. А.Э.нин үстүнөн издөө жарыяланган.

Азыркы учурда Сузак РИИБдин Тергөө кызматында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана бул жарандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн