Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:30
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

ИИМ: WhatsApp мессенджери аркылуу келген жалган билдирүүлөргө ишенбеңиз

28.05.2024 18:09
155
ИИМ: WhatsApp мессенджери аркылуу келген жалган билдирүүлөргө ишенбеңиз


Акыркы күндөрү WhatsApp мессенджери аркылуу уурулук менен алектенген бир нече адамдардын тобу өзүлөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан алдоо жолу менен жеке жана башка маалыматтарды чогултуп жатышат, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

"Урматтуу жарандар, жалган маалыматка ишенбегиле. Эгерде сиздерге ушул сыяктуу смс-билдирүү менен WhatsApp мессенджериңизге келсе, аны башка жакка жөнөтпөңүздөр", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ИИОнун ыйгарым укуктуу участкалык милиция кызматкерлери зарыл болгон учурда гана, аларга бекитилген аймактардагы үйлөрдү кыдырып маалымат ала алышат.

Алар ар дайым кызматтык кийим кийип, кызматтык күбөлүктөрүн алып жүрүшөт жана көкүрөгүндө онлайн камералары, ошондой эле жашоочуларды, социалдык объектилерди, өзүнө тейлөөгө берилген аймакта объектилерди жана керектүү маалыматты камтууга электрондук каттоо үчүн планшеттери дагы бар болот.

Участкалык милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери үйүңүздөргө барганда сиз кызматтык күбөлүгүн көрүп, аны менен таанышып чыгууну суранышыңыз керек.

Эгерде сиздин үйүңүзгө шектүү адамдар, шектүү суроолор менен келсе, дароо жергиликтүү ички иштер органдарына кайрылыңыз же 102 кыска номуруна чалыңыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн