Бугу 23, 2025
Убакыт: 05:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Бишкекте милиция кызматкерлери автоунааны каптаган өрттү өчүрүп калышты (фото)

05.05.2020 13:41
1021
Бишкекте милиция кызматкерлери автоунааны каптаган өрттү өчүрүп калышты (фото)


Бишкек шаарынын күзөт бөлүмүнүн милиционерлери күйүп жаткан унааны өчүрүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 5-майда саат 11:00 чамаларында Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасынан чыккан.


Ал эми тилсиз жоону өчүрүгө Ленин райондук күзөтбөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочу К.Нурбаевдердин курамында кайгуул уюштуруу учурунда, күйүп жаткан унааны көрүп отту чектөөгө алышкан.


Ал эми өрт чыккан унааны кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришкени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн