Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровага жооп берди

10.02.2023 14:29
332
ИИМ Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдаровага жооп берди

ИИМдин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жолугушуудан качып жүрөт деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.


Эл өкүлү милицияда иштеп кеткен пенсионерлер, жетим-жесирлер, көп балалуулар, кызмат учурунда майып болуп калгандар биринчи кезекте турганына карабай Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) турак жай ала албай жатканына нааразы болгон. Бул маселени талкуулоо үчүн кайрылса Бийбосунов качып жатканын айткан.


ИИМ бүгүнкү күндө республика боюнча ички иштер органдарында турак жай алуу үчүн кезекте 4000ден ашуун адам турганын белгиледи.


"Батирлерди бөлүштүрүү тартиби баарына белгилүү, биринчи кезекте муктаж болгондор, анын ичинде пенсионерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү турат. Маселени чечүү үчүн "Менин үйүм 2021-2026-жылдар" турак жай программасынын алкагында 216 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилген. Министрлик турак жай бөлүп берүү маселесин кароо үчүн пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн, ошондой эле башка бардык кезекте тургандардын тизмесин МИКке жөнөткөн. Учурда турак жайды бөлүштүрүү маселеси карала элек", — деп жазылат маалыматта.


Ал эми жарандарды кабыл алуу маселеси боюнча министрликте коомдук кабылдама бар экени белгиленди. Анда бардык жарандар, анын ичинде ИИОнун пенсионерлери да каалаган жумуш күнү келсе ИИМдин жетекчилиги жана башка кызматтардын башчылары кабыл аларын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн