Теке 27, 2024
Убакыт: 13:09
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

ИИМ акыркы коңгуроодо ар кандай көңүл ачуучу салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынарын эскертти

17.05.2024 14:33
260
ИИМ акыркы коңгуроодо ар кандай көңүл ачуучу салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынарын эскертти


ИИМ башчысы Улан Низябеков акыркы коңгуроодо акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынарын эскертти. Бул тууралуу министр онлайн-режимде өткөн кеңешмеде айткан.


Анда 25-май күнү коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл буруу керектиги белгиленди.


"Иш-чараларды өткөрүүдө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо аземдеринен сырткары отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынды. Акыркы коңгуроо аземин өткөрүү учурунда коопсуздук жоопкерчилиги билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийликтин жана ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлдү", — деген министр.


Буга байланыштуу төмөндөгүдөй талаптар коюлду:

- райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери менен бирге коомдук жайларда күнү-түнү күзөттөр уюштурулсун;

- эгерде эскертүүлөргө карабастан иш-чаралар өткөрүлгөн болсо, анда окуучулардын өмүрүнө жана коопсуздугуна биринчи кезекте ата-энелер түздөн-түз жооптуу болуп, мыйзам чегинде баа бериле турганы так жеткирилсин;

- өспүрүмдөр катышкан ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар жүргүзүлсүн;

- өспүрүмдөрдүн унаа башкаруусуна, топтошуп өз ара мушташуусуна, спирт ичимдигин же баңгизат колдонуп, кырсыктарга кабылуусуна бөгөт коюлсун;

- аныкталган мыйзам жана укук бузууларга катуу чаралар көрүлсүн.


Билим берүү министрлиги быйыл 11-классты 73 миң 51 окуучу, 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөрүн билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн