Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМ депутаттардын суракка чакырылышы боюнча жооп берди

20.11.2020 11:55
709
ИИМ депутаттардын суракка чакырылышы боюнча жооп берди

Акыркы мезгилдерде жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянынк кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоонун датасы жөнүндө ой-пикири бар эл депутаттарына карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар  жарыяланууда. Буга байланыштуу ИИМдин басма кызматы билдирүү таратты.

Аталган маалыматтар боюнча ИИМ төмөндөгүлөрдү билдирет:

5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып бийлик алмашылган. Ушул окуялар жана фактылар боюнча   Кыргыз РеспубликасынынЖазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча  кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө, иликтөө иштерин колго алып сотко чейинки өндүрүш ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмесинде бир топ

жарандар бар. Алдардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо

органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар да бар. Тергөөнүн

купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого

мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөнүн суроолору бар. Тергөөнүн

шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан  акыйкат

жыйынтык чыгарыш керек. Октябрь окуяларынын жүрүшүндө окуяларга

катышкан, аны билген, ал окуяларга аралашып жүргөндөр тууралуу бизде

ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө

катары гана сурап жатат. Суракка чакырылгандардын арасында азыркы

сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү,

ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди

саясатташтырууга негиз жок экендигин белгилейбиз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн