Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү

03.12.2020 10:51
548
ИИМ кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү

Бүгүн, 3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Бул датага карата Сузак РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана жергиликтүү тиешелүү кызмат өкүлдөрү тарабынан белектер таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Алар район аймагында каттоодо турган жаш өспүрүмдөрдүн учурдагы абалынан кабар алышып, керектүү азык-түлүк жана кийим-кечектерди, таттууларды тапшырышты. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ата-энелерине жана аларды багып жаткан камкорчулары менен түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.


Өз кезегинде белек алып кубанып турган өспүрүмдөрдүн ата-энелери жана жакындары белек тараткандарга ыраазычылык билдиришип, балдардын көңүлдөрү көтөрүлүп калгандыгын белгилешти.


Мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган жашы жете электерди камкордукка алуу иш-чарасы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте улантыла бермекчи.


Белгилей кетсек, Сузак районунун аймагында жалпы 1700дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн