Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ИИМ кызматкерлери тактикалык машыгууга бөлүнгөн каражаттан мамлекетке 1 млн сом зыян келтирген

09.11.2022 17:18
394
ИИМ кызматкерлери тактикалык машыгууга бөлүнгөн каражаттан мамлекетке 1 млн сом зыян келтирген

ИИМ кызматкерлери тактикалык машыгууга бөлүнгөн каражаттан мамлекетке 1 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча атайын тактикалык машыгууну даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын кымырып алуу фактысы аныкталган.


Тактап айтканда, 2022-жылдын июнь айында машыгууну өткөрүү үчүн керектелүүчү болгон материалдык баалулуктарды сатып алууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары документтерди жасалмалап жана бааларды жогорулатуу жолу менен сатып алууда көрсөтүлгөн техникалык шарттарынын талаптарына жооп бербеген товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алышып, натыйжада мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирилген.


Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн