Теке 27, 2024
Убакыт: 10:34
USD
EUR
RUB

ИИМ күч органдарынын жасалма документтерин даярдоо боюнча эскертүү таратты

07.09.2023 11:39
236
ИИМ күч органдарынын жасалма документтерин даярдоо боюнча эскертүү таратты


Ички иштер министрлиги жасалма документтерди даярдоо, сатып алуу жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ведомстводон акыркы убакта социалдык тармактарда күч органдарынын күбөлүктөрүн сатуу тууралуу жарнактар көбөйүп жаткандыгын билдиришти.

"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору, даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документти жасалмалоо, башкача айтканда расмий документке билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп айтылат билдирүүдө.

Документтерди жасалмалагандар же жасалма документтерди колдонгондор КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

ИИМ жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого, кыраакы, жоопкерчиликтүү жана юридикалык жактан сабаттуу болууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн