Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМ мал уурдоо боюнча 56 кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМ мал уурдоо боюнча  56 кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Республиканын аймагында милиция кызматкерлери мал уурулук фактыларына

бөгөт коюу, алдын алуу, бетин ачуу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп

жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.



2020-жылдын 11 ай ичинде ички иштер органдары 1096 фактыны териштирип,

анын ичинен 698 кылмыштын бети ачылган, республикада ачылган иштердин

пайызы 63,6% ды түздү.

Мал уурулук фактыларын иликтөөдө жана ачыкка чыгарууда, милиция

кызматкерлери жоголгон мүлктөрүн ээлерине кайтарып берүүгө, келтирилген

чыгымдарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Жыл башынан бери кээ бир адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында

жарандарга келтирилген материалдык чыгым 71 миллион 210 миң сомду түзүп,

анын 39 миллион 061 миң сому өндүрүлүп берилген.

11 ай ичинде республиканын аймагында 3101   мал  уурдалган, 1475  мал

ээлерине кайтарылып берилген (1538 бодо мал уурдалган, 679 кайтарылган; 

1279 майда мүүздүү мал  уурдалган, 542 кайтарылган, 698 жылкы уурдалган,

354 кайтарылып берилген).


Иликтөөнүн пайызын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун

жогорулатуу үчүн ИИМдин адистештирилген кызматтары тарабынан мал

уурулукка байланыштуу атайын талдоо жүргүзүлөт. Бул болсо төмөнкү

маалыматтарды аныктоого мүмкүндүк берди: түнкүсүн дээрлик эки эсе көп

кылмыш жасалган - 734, ал эми күндүз – 362 уурдалган болсо; 438 мал 

айыл чарба имараттарынан, 476 мал жайыт жерлеринен уурдалган. 


Бул мезгил аралыгында өлкөдө мал уурулук менен алектенген 253 адам

кармалган, анын 119 камакта жана 134 карата бөгөт чарасы катары  үй

камагы тандалган.


Кармалгандардын жаш курактык топтору: жашы жете электер - 21; 18 жаштан

30 жашка чейин - 120, 30 жаштан 40 жашка чейин – 87, 40 жаштан жогору -

25. Буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон - 49.


Мындан тышкары, мал уурулук менен алектенген 137 адамдан турган 56

кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, алар тараптан 146 кылмыш жасалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн