Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ менен УКМКнын мурдагы жетекчилери табылбаса Атамбаев боштондукка чыгабы?

26.11.2020 12:09
1373
ИИМ менен УКМКнын мурдагы жетекчилери табылбаса Атамбаев боштондукка чыгабы?

Депутат Карамат Орозова октябрь окуяларында ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери ишин таштап, качып кеткенин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


"Аларга эмне үчүн чара көрүлбөй жатат? Жоопкерчилигин караш керекпиз. Булар оозеки команда беришет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жөн жерден кылмыш иши токулган. Бир жарым жылдан бери кылмышты далилдей алышпайт. Далилденбеген соң, ал үй камагына чыгып, соту өтө бериш керек. Октябрь окуясында бир адам каза болуп, бир канча адам жабыркады. Бул окуялар боюнча тийиштүү адамдарга жаза колдонбосок, мындай окуялар кайталана берет. Алар жооп бербесе тергөөчүлөр жооп береби?" - деди депутат айым.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Медет.
Кой-Ташта тынч жаткаАтамбаевге карата жашыруун операциянын демилгелеген,уюштурган жана ишке ашырган ушул эки подхалим.Кармалып жоопко тартылышы керек.