Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ИИМ министри Ниязбеков: Милиция саясаттан тышкары иштеш керек

30.11.2020 11:30
596
ИИМ министри Ниязбеков: Милиция саясаттан тышкары иштеш керек

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков 30-ноябрда коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлады. 


КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.


Онлайн кеңешме учурунда өлкөнүн бардык регионунда коомдук коопсуздукту бекемдөө, кылмыштуулук менен күрөшүү жана шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча тапшырмалар коюлду.

Министрликтин маалыматына караганда, ИИМ башчысы коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду.


Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууга, иликтөөгө, Кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөөгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерин күчөтүү, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларын койду.


Ошондой эле жол кырсыгын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды колго алуу, айрыкча жүргүнчүлөрдү ташыган таксилер жана маршруттук автоунаалардын айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кышка даярдыгы кандай, алыс жолдо эс алыш керектигин, ошондой эле жарандардын ден соолугу менен коопсуздугун сактоо багытында жол эрежелерин сактоого жана аны бузбоо багытында иштерди күчөтүү тууралуу да талаптарды койду.


Мындай аракеттер жол кырсыктарынын санын мындан ары да азайтууга жана көптөгөн жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун сактап калууга мүмкүндүк берет.

Биз коомдук тартип, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо багытын күчөтүү керекпиз. Жарандардын укугун жана эркиндигин, мамлекеттин, коомдун жана инсандын кызыкчылыгын коргоо биздин негизги милдет. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында профилактикалык иштерди байма-бай жүргүзөбүз. Тартип сакчыларынын жалпы жамааты ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюп, саясаттан алыс болуп, биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин акташыбыз керек. Экинчиден катталган ар кандай тартип бузуулардын, кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди күчөтүү багыттарын да үзгүлтүксүз сапаттуу жүргүзүү керек”, - деди Улан Ниязбеков.


Андан тышкары, шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук тартипти сактоо боюнча бекитилген иш-пландардын негизинде иш алып баруу, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги да айтылды.

Үгүттөө иштерин жүргүзүү маалында жана шайлоо күнү жалпы өздүк курам шайлоо участкаларын коргоону камсыздап, жарандардын укуктарын жана коомдук коопсуздукту сактоо менен гана алектенүү керек. Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда анын сакталышын, андан сырткары, шайлоо участкаларына толук жеткирилишин камсыздасын. Шайлоо комиссияларына жана участкаларда бюллетендердин үзгүлтүксүз жеткирилишин коштоону уюштурсун. Биздин башкы жана негизги тапшырмабыз - кыргызстандыктардын укуктарын коргоо, коопсуздук деңгээлин жогорулатуу. Министрликтин өздүк курамынан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте бул багыттарда иштерди күчөтүү керектигин суранам, ошол эле убакта милиция саясаттын тышкары болушу керек”, - деп билдирген министр.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн-кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат.

Аталган онлайн-кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн