Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ИИМ: "Обсервацияда чуу чыгаргандар мыйзамга ылайык жоопко тартылат”

18.05.2020 15:09
1027
ИИМ: "Обсервацияда чуу чыгаргандар мыйзамга ылайык жоопко тартылат”


«Семетей» обсервациясында чыккан чыр-чатак тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кандай чара көрүлөрүн айтты.


Анын билдирүүсүнө ылайык, аталган жаңжалга жалган маалыматтар себеп болгон. 


«Бүгүн “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыккан. Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жараныбыз жаткырылган. Чыр-чатактын себеби, алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу. Бул факты боюнча азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Обсервацияда жаткан жарандар талаптарга баш ийбей, эреже бузган учурда КР Мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат”, -
деди Мирлан Каниметов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн