Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ тарабынан студенттерге "Тандоо бар - баңгизатсыз жашоо” семинары уюштурулду

26.04.2022 12:41
552
ИИМ тарабынан студенттерге "Тандоо бар - баңгизатсыз жашоо” семинары уюштурулду

"Тандоо бар - баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин “Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар бирикмесинин” мугалимдери менен биргеликте “Тандоо бар - баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду. 


Алгач өзүнүн атайын даярдалган “Бангизатка каршы күрөшүү кызматынын тарыхы” атту баяндоосу менен Кесиптик колледждин ПВ 9-1-19 тайпасынын студенти Омурбекова Суйутай тааныштырып кетти. Андан кийин “Бангичиликти токтотуу кыйын, бирок анын алдын алса болот” атту темасы менен кесиптик колледждин ПВ-11-20 тайпасынын студенти Ысакова Сатина тааныштырды.


Ал эми, ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алдын алуу боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Г. Жапакова “Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы банги затын колдонуу ,анын кесепеттери жөнүндө баяндама берип кетти. Өз сөзүндө ал жаш муундарды сергек жана активдүү жашоого чакырып кетти.


Илимий семинарга 50гө чукул студентер катышты. Өтө жогорку деңгээлдеги суроо жооп залда орун алды. Көпчүлүктү кызыктырган бул жаны мээге доо кетирүүчү заттарды жаштар арасында алдын алуу кандай жана канчалык денгээлде өтүп жаткандыгы жана анын кесепеттери жөнүндө болду. Бир топ жаштарды ИИМдин БМЖККК алып барган иштери жөнүндө кызыктырды.



Илимий семинарга активдүү катышкан жаштарга атайын ИИМдин БМЖККК тарабынан даярдалган футболкалар, кепкалар, рюкзактар жана көркөм китептер тапшырылды. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн