Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ туристтик сезонго даярдык көрүүдө: коомдук тартипти камсыздоо чаралары бекиди (фото)

01.07.2020 12:52
1202
ИИМ туристтик сезонго даярдык көрүүдө: коомдук тартипти камсыздоо чаралары бекиди (фото)

 

 

Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, 2020-жылдагы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо иш-чараларынын планы бекиди.

 

 

ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, туристтик аймактарда чет өлкөлүк жарандардын жана эс алууга келгендердин кайрылуулары менен арыз-даттанууларын өз убагында чечүү боюнча комплекстүү ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИМдин башка бөлүктөрүнөн дагы милиция кызматкерлери тартылды.

        

«Кордай-Бишкек», «Манас аэропорту-Бишкек», «Түндүк айланма жолу–Бишкек», «Бишкек – Балыкчы - Чолпон-Ата - Каракол» жолдору боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын стационардык жана көчмө постторунун жайгаша турган жерлери дагы такталды.

 

Мындан сырткары, Боом капчыгайында жана Төө-Ашуу өтмөгүндөгү Бишкек-Ош унаа жолу боюнча күн-түн иштеген посттор, укук бузуулар (жол кырсыгы) жасалган жерлерге ыкчам барып, медициналык жардам көрсөтө турган ӨКМдин куткаруучулары менен тез жардамдардан турган нөөмөт уюштурулду.

 

Туристтик сезондун аягына чейин  жол кырсыктарды болтурбоо жана алдын алуу максатында ар убак рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт.

 

Жарандардын маалыматтарына жана кайрылууларына ыкчам аракеттенүү үчүн  күнү-түнү 100 кыска номуру менен (0703) 630900 WhatsApp телефон номуру иштейт. Абоненттер үчүн чалуу акысыз.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн