Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ: Өз тажрыйбасын жана билимин окуучуларына арнаган генерал Расулберди Раимбердиев

29.03.2024 11:07
200
ИИМ: Өз тажрыйбасын жана билимин окуучуларына арнаган генерал Расулберди Раимбердиев


Отставкадагы милициянын генерал-майору Расулберди Раимбердиев 1956-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн  айылында туулган. 


Түйшүктүү милиция кесибин 1980-жылдардан тартып катардагы кызматкерден баштап кызмат өтөп, ички иштер министринин биринчи орун басары кызматына чейин жетип, 2011-жылы ардактуу эс алууга чыккан.


Ал эми азыркы учурда Расулберди Раимбердиев Ош мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетинин Жазык жана Жазык процесстик кафедрасынын профессору болуп эмгектенет. 


Өз тажрыйбасын жана билимин окуучуларына арнаган генерал Расулберди Раимбердиев студенттер үчүн өз практикасында өткөн окуяларды, кылмыштын бетин ачууларды жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо түйшүктүү, ошол эле учурда ардактуу болгон милиция кызматы тууралуу кызыктырып сабак берип келет.


Өмүрүнүн кырчындай мезгилин элдин сакчылыгына, коомдук коопсуздукту сактоого жумшап, жөнөкөй ыкчам кызматкерден тартып, ИИМдин жетекчилик кызматтарында талыкпай кызмат өтөп келген каарманыбыз маазмундуу жашоосунун кызыктуу болгон учурларын бизге да айтып берди.


Ардагерибиз учурда ички иштер органдарында көп жылдан бери эс алууда болгондугуна карабастан, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө азыркы учурга чейин салымын кошуп келет.


Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган ар бир иш-чарага катышып, дагы деле ички иштер органдары менен байланышта болуп, жаштарга насаатчы катары кадыр-баркка ээ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн