Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

ИИМде АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен укук коргоо тармагында кызматташуу маселелери талкууланды

28.03.2024 11:41
230
ИИМде АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен укук коргоо тармагында кызматташуу маселелери талкууланды


ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин аймактык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Марк Ричардсон менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Нурбек Жангабылов АКШнын элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Элчилик тарабынан берилген техникалар милиция кызматкерлеринин кызмат өтөө сапатын бир топ жакшыртаары күмөнсүз.


Жолугушуунун соңунда Нурбек Жангабылов АКШнын Элчилигине кылмыштуу ишмердүүлүтү аныктоого жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.


Тараптар өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн