Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси талкууланды

22.09.2020 18:00
819
ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси талкууланды


ИИМдин республикалык окуу борборунда “Тил-элдин байлыгы жана баалуулугу” деген аталыштагы онлайн форматта атайын конференция өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, конференция 22-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата  ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда өттү. 


Бул иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын, күч түзүмдөрүнүн  өкүлдөрү, ошондой эле ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмүнүн жана башкармалыктардын, окуу жайлардын кызматкерлери катышты.   


Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана аны ар тараптан колдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.   


Конференциянын катышуучулары да мындан ары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өз ара кызматташууну бекемдөө тууралуу өздөрүнүн ойлорун айтышты.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн