Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Борбордук аппараты Беловодский айылындагы психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнөн кабар алды

20.01.2021 13:14
603
ИИМдин  Борбордук аппараты Беловодский айылындагы психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнөн кабар алды


19-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери Беловодский айылында жайгашкан психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө
барышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, мугалимдер жана балдар милиция кызматкерлерин кубануу менен тосуп алышкан. Жагымдуу маанайда өткөн баарлашуу учурунда мугалимдер жана балдар ийгиликтер жөнүндө сүйлөшүп, келечектеги пландары менен бөлүшүшкөн.


Мындан сырткары, Ички иштер министрлиги туруктуу көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган балдарды окутуу, тамактануу, тарбиялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат.  Буга чейин дагы балдар менен жолугушуп турушкандыктан, бул көрүнүш салтка айланып калган. Тартип сакчылары бул сапарында балдардан кабар алышып, келечекке болгон пландары тууралуу маек курушту. Бардык чогултулган кийим-кечелерди,  кир жуучу каражаттарды, тиричилик жана кеңсе буюмдарды, жеке медициналык коргонуу каражаттарды тапшырышты. Алардын жалпы баасы 230 миң сомдон ашык. Өз кезегинде, милиция кызматкерлери бул мекемеде өзгөчө балдар тарбияланып жаткандыгын белгилеп, чогулгандардын бардыгын жаңы жылы менен куттукташты!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн