Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы өзүнүн 79 жылдык маарекесин белгиледи

24.08.2020 16:12
1346
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы өзүнүн 79 жылдык маарекесин белгиледи

 

Бүгүн, 24-августта ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы негизделгендигинин 79 жылдык маарекесин белгиленди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчылыгынын аймагында Колбашчы полковник Исламбек Кенжегуловдун, аскер кызматкерлеринин жана чакырылган коноктордун катышуусунда өткөн.


Колбашчы полковник Исламбек Кенжегулов аскер кызматынын өздүк курамын куттуктап, күжүрмөн даярдыктарындагы жетишкендиктери менен кесипкөйлүүлүктүн жогорку деңгээлин, кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарып жаткандарын белгилеген. Кызматында айырмалаган аскер кызматкерлери Ички иштер министри менен Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысынын буйруктарына ылайык медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышкан.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Ички аскерлеринин калыптануусунун тарыхы өзүнө 1941-жылы 26-августунда  СССРдин Мамлекеттик коргонуу комитетинин Токтому менен темир жол, кайтаруу жана ыкчам аскерлер бириктирилип, СССРдин Ички иштер элдик комитетинин Ички аскерлер башкы башкармалыгы болуп  түзүлгөн.


Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун алкагында 2014-жылы  ИИМдин Ички аскерлери Улуттук гвардиянын курамына кирген. Кыргыз Республикасынын Президентинин  2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 Жарлыгы менен Ички аскерлер кайра ИИМдин курамына кошулган.


Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматкерлери ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып,  коомдук тартипти камсыздап, өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар мамлекеттик обьекттерди кайтаруу тапшырмаларын аткарууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн