Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:57
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтча ачылды

29.09.2020 16:56
750
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтча ачылды


Бүгүн, 29-сентябрда ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн  аянтчанын ачылышы болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, иш-чарага ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев, федерациянын вице-президенти Жеңиш Казалаков, колбашчылыктын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты. 


Колбашчы Исламбек Кенжекулов волейболдун тарыхына жана анын Кыргызстандагы өнүгүү жолуна кайрылып, жаштарды тарбиялоодогу маанилүүлүгүнө токтолду. Андан сырткары, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгын билдирди. 


Салтанаттуу иш-чаранын аягында ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аялдар командасынын  менен  Бишкек шаарынын “Улар” курама командасынын ортосунда мелдеш уюштурулду. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн