Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:06
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

ИИМдин Күзөт кызматы Боом капчыгайында "Кыргыз милициясына 100 жыл" жазуусун орнотушту

13.05.2024 10:45
269
ИИМдин Күзөт кызматы Боом капчыгайында "Кыргыз милициясына 100 жыл" жазуусун орнотушту


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Боом капчыгайындагы тоонун бооруна кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Кыргыз милициясына 100 жыл" жазуусун орнотушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билидрди.


Маалыматка ылайык, иш-чараны ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров ачып, өлкөнүн өнүгүшүнө милициянын кошкон салымын жана мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоодогу анын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылы кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот, бул мааракенин алдында Күзөт кызматы тарабынан республиканын бардык аймагында бир катар майрамдык иш-чаралар мерчемделген. Бекитилген мерчемдин алкагында жана ИИМдин коллегиясынын чечимин аткаруу үчүн бүгүн Боом капчыгайындагы тоонун бооруна "Кыргыз милициясы 100 жыл" деген эстелик жазууну ачып жатабыз”, — деди Оролбек Акпаров.

Бул жазуу көптөгөн муундардын өлкөдөгү коопсуздукту жана тартипти камсыздоого кошкон салымынын далилин белгилейт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн