Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 00:52
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери Ысык-Көлдүн 16 чакырым аралыгын сүзүп өттү

21.08.2024 10:17
352
ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери Ысык-Көлдүн 16 чакырым аралыгын сүзүп өттү


Кечээ Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери Улан Өмүралиев Ысык-Көлдүн 16 чакырым аралыгын сүзүп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери Кара-Талаа айылынан таңкы саат 05:45те сууда сүзүүнү баштап, саат 14:30да Тору-Айгыр айылында ийгиликтүү аяктаган. Ал 9 саатта жалпысынан 16 чакырым аралыкты басып өттү. Аны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристик-экологиялык милициясынын кызматкерлери коштоп жүрүштү.

Жээкте милиция кызматкерин кесиптештери жана жакындары салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Улан Өмүралиев бул ийгилигин кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнады.

Белгилей кетсек, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн