Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:01
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган жарандын өмүрүн сактап калышты

20.08.2024 17:26
129
ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган жарандын өмүрүн сактап калышты


Бишкек шаарында ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери өз өмүрүнө кол салган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-август күнү саат 22:14тө Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн балконунан аял секиргиси келгени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам түрдө Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери  Медер Усманов, Базарбай уулу Нуржигит жана Тынчтык Эрназаров барышкан. Алар жогорудагы жарандын өзүн-өзү өлтүрүү аракетин алдын алышкан.

Куткарылган аял Бишкек шаарынын тургуну 1991-жылы туулган К.Г.  болот. Аялдын туугандары милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн