Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:11
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

ИИМдин Ленин райондук күзөт бөлүмүндө жылдын мыкты кызматкерлерине сыйлык тапшырышты

11.01.2024 17:25
292
ИИМдин Ленин райондук күзөт бөлүмүндө жылдын мыкты кызматкерлерине сыйлык тапшырышты


Бүгүн, 11-январда ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүндө жылдын мыкты кызматкерлерине сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.


Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Алмаз Момбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын Кадр жана кесиптик дарядоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Рахат Карпекованын жана бөлүмдүн Ардагерлер кеңешинин төрагасы Насип Осмоновдун катышуусунда “Кесиби боюнча мыкты” сынагынын жыйынтыгы менен мыкты кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Аталган иш-чара бөлүмдүн кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин жобосуна ылайык өткөрүлүп келет. 


Ошондой эле, ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт. Бөлүмдүн ар бир  кызматтарында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн, күжүрмөн жана физикалык даярдыгынын, кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун абалынын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди баалоо критерийлери иштелип чыккан. Бул сынактык жеңүүчүлөрү болуп, жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер  аталды.

2023-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда:

- “Мыкты штабынын улук күзөт инспектору” милициянын майору Тагаев Ниязбек Дуйшемаматович;

- “Мыкты милиция батальонунун взвод командири” милициянын улук лейтенанты Алгожоев Дастан Бектурович;

- “Мыкты нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-инспектору” милициянын лейтенанты Тынарбек уулу Аскар;

- “Мыкты милиция батальонунун взвод командиринин орун басары” милициянын улук прапорщиги Байызов Урустам Мурадилович;

- “Мыкты милиция батальонунун экипаж улугу” милициянын улук сержанты Сабыров Мирлан Сабырович;

- “Мыкты милиция батальонунун милиционер-автоматчысы” милициянын улук сержанты Турдубеков Максат Нурланович;

- “Мыкты милиция батальонунун милиционер-айдоочусу” милициянын прапорщиги Сейткулов Аскар Жанышович;

- “Мыкты милиция батальонунун банк мекемелерин кайтаруу боюнча күзөт милиционери” милициянын старшинасы Эселов Максат Жантайбекович;

- “Мыкты милиция батальонунун күзөт милиционери” милициянын старшинасы Ооганов Данияр Ташкулович;

- “Мыкты БКТнын нөөмөткер-милиционери” милициянын старшинасы Жамбул уулу Нурсултан;

- “Мыкты нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-жардамчысы” милициянын прапорщиги Ибраимов Расул Мыктыбекович;

- “Мыкты нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-айдоочусу” милициянын прапорщиги Кумарбеков Сыргабек Кумарбекович;


Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы сыйлык лента, жана ардак грамота менен сыйланышты.


Иш–чаранын жыйынтыгында, Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн Ардагерлер кеңешинин төрагасы Насип Осмоновдун 70 жаш кутман курагына карата ак калпак жана чапан менен сый көрсөтүштү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн