Жеке ишкерлер Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгына 5 жасалма дем алдыруучу аппараттарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ишкер Адылбек Исанов милиция кызматкерлери пандемия менен күрөшүүдө мыкты иштеп, жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүп жатканын билдирди. Ошол эле учурда ал коомчулук дагы милиция кызматкерлерине жардам бериши керектигин белгиледи. “Ошондуктан биз ИИМдин бейтапканасына ушундай аппараттарды сатып берүүнү чечтик”, - деди ал.
ИИМдин финансы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын
башчысынын орун басары Дамир Аширов ишкерлерге көрсөткөн жардамдары үчүн
ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн