Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин Россиядагы өкүлү Нариман Түлеевге кайрылды

08.05.2020 09:50
2007
ИИМдин Россиядагы өкүлү Нариман Түлеевге кайрылды

 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү, милициянын полковниги, Россиядагы кыргыз мигранттарына колдоо көрсөтүү боюнча Элчиликте түзүлгөн ыкчам штабдын орун басары Аскат Алиев бүгүн, 8-майда экс-мэр, коомдук ишмер Нариман Түлеевге кайрылуу жолдоду.


Аскат Алиев өз кайрылуусунда Нариман Түлеевден оор абалды башынан кечирип жаткан кыргыз мигранттарына жардам берүүсүн суранган. 100 миңге жакын мекендештерди өз өлкөсүнө алып кетүү мүмкүн эместигин айтып, аларга материалдык жардам берүүсүн өтүнгөн.


Кайрылууда мындай деп айтылат:


Ассалам алейкум Нариман байке, арыбаңыз! Сизге чоң рахмат, ушундай оор кырдаалда четте жүрүп кыйналган мекендештерибиздин көйгөйлүү маселесин көтөрүп чыкканыңызга. Бул да болсо биздин боордошторго чоң дем, күч. Мен Россия Федерациясында мамлекеттик кызматкер, Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин алдында түзүлгөн ыкчам штаб жетекчисинин орун басары жана жаралып жаткан маселенин көбүн жеринен билген адам катары сизге кайрылууну туура көрдүм.


Россияда бей расмий маалыматтарга караганда, 1 миллиондун тегерегинде эмгек мигранттарыбыз бар экени белгилүү, анын ичинде болжол менен 80%ы Москва шаары жана Москва областында эмгектенишет. Карантин башталганы бир айдан ашты, бүгүн дагы май айынын аягына чейин узартты. Көбү жумушсуз отурушат. Бир айдан бери кыргыз диаспорасынын активист, лидерлери ынтымактын туусун бийик көтөрүп, ыкчам штаб менен биргеликте кыйналган мекендештерге ар тараптуу жардам көргөзүп келе жатабыз.


Учурда 100 миңге жакын кыргыз Кыргызстанга кайтсак деген үмүт менен күтүп отурат. Сиз көтөрүп жаткан көйгөй абдан оор маселе, кетем деген мекендештердин баарын алып кетиш мүмкүн эмес. Башка мамлекеттерде жүргөн 5 миң, 10 миң мекендештерди алып кетебиз деп маселе көтөрсөңүз башка кеп эле, бирок Россияда такыр башка көрүнүш, чек арада турган 100-200 жаранды алып кеткен менен маселе чечилбейт, тескерисинче оорлойт. 5-майда чек арада турган 519 жараныбызды алып кеткенден кийин Москвадагы хостелде бир айдан бери жаткандар чек ара жабык, талаада кыйналасыңар дегенибизге карабай, ар кимдин сөзүнө ишенип, автобус жалдап түнү менен чыгып кетишти. Эми минтип талаада кыйналып жатышат.


Сиз өзүңүз экс-мэр, мурдагы мамлекеттик кызматкер, күчтүү менеджер, ири бизнесмен катары жакшы түшүнөсүз деп терең ишенем. Андыктан сизге сунуш иретинде кайрылууну туура көрдүм. Эң биринчиден азыр мамлекетибиз оор абалда турганы баарыбызга белгилүү, жогорку бийлик өкүлдөрү мамлекетибиздеги экономикалык абал жөнүндө өткөрүп жаткан пресс-конференцияларды өтө тынчсыздануу менен көрүп жатабыз. Ооруну толук жеңип, эртерээк карантинден чыгалы, нормалдуу жашоого кайтып келели десек, убактылуу чек араны жаап, мамлекетибиздин, элибиздин коопсуздугун биринчи орунга койгонубуз туура болот. Азыр өзүңүз баш болуп, өзүңүзгө окшогон мекенчил агаларыбыз менен бул жактагы кыйналган мекендештерибизге акчалай жардам берсеңиздер эң туура чечим болмок. Акчаңыздарды ыкчам штабка которсоңуздар, аманатыңыздарды диаспора өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия менен биргеликте туура, калыс жана так, дарегине жеткирип берүүгө кепилдик беребиз. Ошондо сиздер Ыйык Рамазан айында чыныгы кыргыздын ак жүрөк уулу экениңиздерди дагы бир жолу көргөзүп, жолоочу болуп алыста убактылуу кыйналып калган, үмүт менен жашап жаткан боордошторуңуздардын ак батасын жана зор сооп алышыңыздар талашсыз", - деп жазган Аскат Алиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн