Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды

27.06.2023 11:06
316
ИИМдин делегациясы Кытайга тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш сапары менен барды


Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган делегация 19-23-июнь аралыгында Кытайда иш сапары менен болду.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин чакыруусу менен барган.

Иш сапардын негизги максаты - КР ИИМдин чек арага чектеш бөлүктөрү менен КЭР СУАРдын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө, Кытай полициясынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жаңы жетишкендиктерди изилдөө, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен полициянын иши менен таанышуу, диний экстремизмге каршы күрөшүү ыкмаларын изилдөө, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү ыкмалары менен таанышуу, коомдук тартипти сактоону уюштуруу, массалык башаламандыктарда полициянын аракеттери жана колдонулган ыкмалары жана каражаттары менен таанышуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин ортосундагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлерин өз ара окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөнү сунуштады.

Сапардын алкагында Коомдук коопсуздук департаментинин Урумчи шаарындагы Командалык борбору жана Кызылсуу-Кыргыз автоном округунун Антитеррор борборунун иши менен таанышышты.

Мындан тышкары, кытай тарап атайын багыттагы отряддын (спецназ), ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтардын (Атайын багыттагы полктун аналогу) даярдыгын жана ишин жана алардын массалык башаламандыкка аракеттерин көрсөттү.

Иш сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын СУАР коомдук коопсуздук департаментинин ортосундагы чек ара бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн окууларды уюштуруу боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө жөнүндө макулдашылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн