ИИМдин ички аскер кызматынын финансы бөлүмүнүн башчысы Талант Жоробеков Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Талант Жоробеков 15-декабрда кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын баш коргоо чарасы 48 саатта аныкталат.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура ИИМдин ички аскер кызматында коррупциялык схеманы аныктап, мамлекетке дээрлик 34 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн