Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:06
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

ИИМдин кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты

12.10.2020 18:16
926
ИИМдин кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты


ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аталган кызматка белгисиз адам  ок атуучу курал менен жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Ош облусунун жашоочусу, 37 жаштагы  А.С.   кармалган. Кармалган жаранга  өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан мыйзамсыз алып жүргөн  “Макаров” үлгүсүндөгү  тапанчага окшош курал  табылган. 


Аталган факты  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 255-беренесинин (Курал-жаратарды этиятсыз колдонуу) негизинде КЖБРге катталган.


Ошондой эле, кармалган жаран  “CHRYSLER 300 C” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.


Азыркы учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлдү. Аталган факты боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн