Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин кызматкерлери жүк ташуучу айдоочуларга баңгизат ташуунун кесепети тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

10.05.2022 17:32
634
ИИМдин кызматкерлери жүк ташуучу айдоочуларга баңгизат ташуунун кесепети тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө



“Достук” Көзөмөлдө өткөрүү жайынын амагында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы жана Ош облусу боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкармалыгы менен биргеликте баңгизаттарды ташуу боюнча жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 

Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулрага алдын алуу иш-чараларын уюштуруп, аларга жүктөрдү жүктөөдө кыраакы болуулары жөнүндө эскертишти, себеби жүк ташууда айдоочу жоопкерчиликтүү. 


Негизги басым баңгизаттарды ташуу үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке көңүл бурулду.

Алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар ар кандай суроолорду беришип, анын ичинде социалдык тармактарда баңгизаттарды сатуу же жүктөө сунушу келип түшсө, каяка билдирүү керектиги тууралуу айтылды. 


Өз кезегинде, айдоочулар ыраазычылык билдиришип, ар бири өзүнө керектүү маалыматтарды алышты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн