Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМдин колбашчысы И.Кенжекулов митингде жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды

23.10.2020 09:37
694
ИИМдин колбашчысы И.Кенжекулов митингде жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды


Кечээ, 22-октябрь күнү ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов өзүнүн орун басарлары менен биргеликте ушул жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандык учурунда жаракат алып, ИИМдин ИКАКтын дарылануу-алдын алуу борборунда дарыланууда жүргөн аскер кызматкерлери менен жолугушту.   


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, колбашчы Исламбек Кенжегулов аскер кызматкерлери менен баарлашып, тез арада сакайып кетүүлөрүн каалап кетти.


Андан сырткары, ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчылыгы аскер кызматкерлеринин толук кандуу сакайып кетүүлөрүнө жана катарга кайтып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, ал үчүн болгон күчүн жумшаарын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн