Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин опузалап пара талап кылган кызматкери кармалды

27.04.2022 12:39
933
ИИМдин опузалап пара талап кылган кызматкери кармалды

ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК укук коргоо органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен КР ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С.К., кармалды.


Кармалган тергөөчү Ю.А.Х., аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У., аттуу жарандан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынынага тергөөчүсү Ш.С.К., жана ортомчу Ю.А.Х., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


УКМК мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча алуу фактылары катталган учурда төмөнкү телефондорго 0312 66 04 75; 62 65 04 кайрылууну өтүнөт.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн