Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

ИИМге шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат түшкөн

12.07.2021 10:05
1826
ИИМге шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат түшкөн



2021-жылдын 11-июль күнү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузган фактыларга жол берилген жок. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшүп, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык ички иштер органдарынын маалыматтардын электрондук журналдарына катталган. Анын ичинен 38 наменклатуралык ишке чыгышталып, 16 маалымат каралып жатса, 2 маалымат бириктирилип, 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты, Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 


 Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 37 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факты наменклатуралык ишке чыгышталып, 10 маалымат каралып жатса, 1 маалымат бириктирилди. Учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 


Ош шаары боюнча 12 маалымат катталса, анын ичнен 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, 6 маалымат каралууда.   


Токмок шаары боюнча маалыматтардын электрондук журналына 18 маалымат катталып, анын ичинен 15 номенклатуралык ишке чыгышталган, бирөөсү бириктирилген. 2 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн