Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

И.Нуракун уулу Бишкектин мэрине: Токмокко келиңиз орун даяр, бирок бул жакта чымын көп

20.06.2020 15:07
1132
И.Нуракун уулу Бишкектин мэрине: Токмокко келиңиз орун даяр, бирок бул жакта чымын көп

 

 

Урматтуу мэр мырза, масканы мурдуна чейин толук таккан мага деле жугуп калды. Кабатыр болбоңуз, эл катары айыгабыз. Мыкты командаңыз бар экен, карантин учурга карабай парктарды салып жакшы иштедиңиз. Айрыкча Балбак байке, Гуля, Жибек деген кадрларыңыз адискөйлүгүн көргөзүп келет.

 

Мага да жугуп калганына караганда жакшы иштегендер биринчи ооруйт окшойт:-))) Сизге кааларым чың ден соолук. Анан колдон келсе, Бишкектеги ооруканага жатпаңыз, сиз да Токмокко жөнөкөй ооруканага келиңиз. Врачым Шамиль Лушанло экөөбүз атайын сизге деп бир орун даярдап койдук. Болгону келээрде бул жактын туалеттери эски, ысык суу жок, чымыны көп. Бирок доктурлары таза алтындан, кесипкөй, бат эле сакайтат. Ошону эске алыңыз.

 

Урматтоо менен Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын "мэри" Ибраим Нуракун уулу.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асанов Усон
Сага окшогондор эмне иштеп кыйраттынар. Жалган маалымат берип, ЖК абийрин кетирдинер. Жаман озун мактайт дегендей озунду мактагандан уялбайсынбы?