Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

IOM: Борбор Азиялык мигранттар мусапырга айланды

05.06.2020 11:36
1035
IOM: Борбор Азиялык мигранттар мусапырга айланды

Миграция маселеси боюнча эксперттердин баамында Борбор Азиялык мигранттардын мусапырга айланган жаңы категориясы пайда болду. Казакстандын Миграция кызматынын маалыматы боюнча өлкө аймагында ара жолдо калган 10 миңге чукул мусапырлар бар. Алардын арасында Тажикстандын жарандары жүздөп саналат. Аларга Казакстандын бийликтери жана Миграция боюнча эл аралык уюм (IOM) тарабынан жардам көрсөтүлүүдө.


Уюмдун өкүлү Зейнал Хаджиевдин “Озоди” радиосуна берген маалыматына караганда, өз мекенине жете арбай ара жолдо калгандар өтө эле көп. Негизинен Россиядан кайткандар. Бирок өз мекендерине жеткен менен алардын туруктуу жумуш табышаары арсар. Ошондуктан, эмгек мигранттарынын көбү Россия менен Казакстанда кала берүүгө аргасыз. Алардын канчасы жумушсуз калгандыгы жөнүндө тагыраак маалымат жок. Уюмдун маалыматы боюнча Россияда иштеген мигранттардын 60%ы кирешелеринен айрылышкан. Мындан аркы абал Россия менен Казакстандын экономикасынын калыбына келишине жараша болот.


Кошумчаласак, Тажикстандын бийликтери Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында эки ай бою ай талаада калып, ачык асман алдында мусапырга айланган 200дөн ашык жаранын 3-июнда гана 5 автобус менен Өзбекстан аркылуу алып кетти деп маалымдады “Озоди” радиосу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн