Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына “Көк-Бөрү” жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди

23.09.2022 11:15
1164
IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына “Көк-Бөрү” жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди


Түркиянын Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-Бөрү жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Көк – Бөрү спортчулары машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө даяр. Оюнчулар 2022- жылдын 28- сентябрында учушат.


Мындан сырткары Көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.


Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчулар катышат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн