Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көкбөрү жана көкпар боюнча Кыргызстандан эки команда катышат

29.08.2022 13:39
1396
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көкбөрү жана көкпар боюнча Кыргызстандан эки команда катышат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар (жер улак) боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө.


“Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама команда көк түстөгү формада күчүн сынайт. Жакынкы аралыкта улакчыларга экинчи формасы берилет”, - деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Улакчылар Түркияга мелдешке 1калганда барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн